​Кыргызстанда карантин посттору уюштурулду

  • 4 года мурун

Коронавирустун чыгышына байланыштуу Кыргызстанда карантин посттору уюштурулду.

Бул тууралуу бүгүн, 22-марттагы, маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Акматов билдирди.

“Бүгүнтөн баштап өлкөдө өзгөчө абал киргизилди, мамлекеттик органдар өзгөчө режимде иштеп жатат. Карантин посттору уюштурулду, анда өзгөчө кырдаалдар министрлиги, саламаттык сактоо министрлиги, ИИМ жана башка жергиликтүү бийлик органдары толук кандуу иш алып барат” деди министрдин орун басары.

Карантин посттору вирустун жайылып кетпешинен улам жасалды. Бул посттордон өткөндөрдүн жанында документтери болушу керектигин министрдин орун басары билдирди.

“Постторду жаап салыптыр, эч кимди өткөрбөйт экен” деп жатышат. Бирок андай эмес, анын эрежелери бар. Зарыл болгондо, өткөрөт, тоскоолдук жок. Бирок постто ден соолугуңузду текшерет” деди ал.

Кыргызстанда Ноокат, Сузак, Баткен райондорунда жана Бишкек шаарында коронавирусту жуктуруунун 14 учуру катталды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты