​Коронавирус 167 өлкөдө катталды

  • 4 года мурун

21-мартта дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 11 921 кишиге жетти. Айыккандардын саны 89 899 киши болду.

Коронавирус 167 өлкөдө катталды.

Бул тууралуу окумуштуулардын онлайн-картасында көрсөтүлөт.

Кытайда 81 304, Италияда 47 021, Испанияда 25 374, Германияда 21 652, Иранда 20 610, АКШда 19 931, Францияда 12 883 ж.б. болду.

Ошондой эле Россияда 306, Казакстанда 53, Азербайжанда 44, Өзбекстанда 37, Кыргызстанда 14 учур катталды.

Жалпысынан дүйнөдө 287 239 киши коронавируска чалдыкты.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты