Эртең коомдук унаанын ишине чектөө киргизилет (Видео)

Эртең, 22-мартта, Кыргызстанда өзгөчө кырдаал киргизилет. Коомдук транспорттун ишине чектөө коюлат.

Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 21-марттагы маалымат жыйынында билдирди.

— Карантин киргенден кийин жарандардын бир жерден экинчи жерге барышы кыскартылат. Өтө муктаждыгы жок бир шаардан экинчи шаарга, районго, башка жактарга барууну кыскартуу — зарыл нерсе.

Бизге чейинки коронавирус инфекциясы болгон мамлекеттерде элдин арасында контактты азайтуу жолу менен жугуштуу оорунун тарап кетишин азайтуу натыйжалуу чечилгенин жакшы билебиз, -деди биринчи вице-премьер-министр.

Коронавирус боюнча республикалык штаб өзгөчө кырдаал режими киргизилген учурда бардык супермаркеттер, азык-түлүк дүкөндөрү жана дарыканалар көнүмүш тартипте иштей турганын билдирди.

Кафе-ресторандар тамактарды алып чыгуу жана жеткирүү боюнча кызмат көрсөтөт.

Кыргызстанда Ноокат, Сузак, Баткен райондорунда жана Бишкек шаарында коронавирусту жуктуруунун 14 учуру катталды. Алардын ичинен кичи ажылыктан кайтып келген 7 эркек жана 6 аял, ошондой эле дагы 1 эркек Франциядан учуп келген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты