Кыргызстанда коронавируска чалдыккан дагы 2 учур катталды. Жалпы саны 14
- 4 года мурун
Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штабдан кабарлашты.
Жуктургандардын бирөө Франциядан келип, “Манас” эл аралык аэропортунда жайгашкан обсервация борборунда болчу, ал эми экинчиси – кичи ажылыктан кайтып, Бишкек шаарындагы “Ак-Кеме” мейманканасында изоляцияга алынган жаран.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, COVID-19 вирусун жуктургандардын бардык учурлары сырттан келген жарандар.
Эске салсак, буга чейин Сузак районунда 8, Ноокат районунда — 3, Баткен районунда 1 учур катталган.
Муну бөлүшүү