Аскар Салымбеков 100 миң даана беткап үчүн каражат берет
- 5 лет мурун
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, бизнесмен Аскар Салымбеков коронавируска каршы күрөшүүгө 100 миң даана беткап үчүн каражат бермей болду.
Бул тууралуу ал кечээ, 18-мартта, «Фейсбук» баракчасына жазды.
“Биз биринчи кезекте аялуу катмар-улгайгандар жана балдар тууралуу камкордук көрүшүбүз зарыл. Ошол себептен биз коронавирустун алдын алуу үчүн 100 миң даана беткап үчүн каражат бөлүп беребиз “ деди Аскар Салымбеков.
18-мартта Кыргызстанда үч кишиден коронавирус аныкталгды. Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилди.
19-мартка карата дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 8810 кишиге жетти. Коронавирустан 84 113 киши айыкты.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү