​Исаков: «Коронавируска чалдыккандар менен бир учакта келген 135 киши обсервацияга алынды»

  • 4 года мурун

Коронавируска чалдыккандар менен бир учакта келген 135 киши обсервацияга алынды. Дарт жуккан үчөө менен байланышта болгон 300 киши медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө турат.

Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта, саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.

Сузакта коронавирус жуктуруп алганы аныкталган үч киши менен Сауд Арабиясынан бир учакта учуп келген 135 жүргүнчүнүн баары обсервацияга алынды.

Ал үчөө менен байланышта болгон 300 киши медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө турат.

Кичи ажылыкка барып келген кыргызстандыктардын жалпы саны миңге жакын. Алардын 75% ынын тек-жайы такталып, үй көзөмөлүндө турат. Калгандарын тактоо иштери жүрүп жатат

Райондун 70, 62, 42 жаштагы үч тургунунан коронавирус табылган. Алар Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып келген. Ал үчөө менен бир учакта 135 киши келген.

18-мартта Сузакта өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты