Маданият министринин орун басары дайындалды

  • 1 месяц мурун

Салкын Сарногоева Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү чечим менен эмгек жамаатка Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов тааныштырды.

Салкын Сарногоева 1974-жылы туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин «Финансы жана кредит» адистигин аяктаган.

Мамлекеттик кызматтагы эмгек жолу 2006-жылдан башталган. Эмгек жолунда экономика жана өнөр жай министрлигинде, энергетика жана өнөр жай министрлигинде жооптуу кызматтарды аркалап, маалыматтык саясат, инвестициялык өнүгүү жана тармактарды өнүктүрүү багыттарында иш алып барган.

2015-жылдан тартып Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин түзүмүндө эмгектенип, ММК жана маалымат департаментинин директорунун орун басары, андан соң аталган департаменттин директору болуп иштеген.

2019-жылы аданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директору болуп дайындалган.

2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинде Маалымат башкармалыгынын начальниги кызматын аркалап келген.

Сүрөттө: Салкын Сарногоева. Маданият министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты