Дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 7940 ка жетти
- 4 года мурун
18-мартта эртең мененкиге карата дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 7940 ка жетти. Коронавирустан айыккандардын саны 81911 киши болду.
Бул тууралуу окумуштуулардын онлайн-картасында көрсөтүлдү.
Кытайда 81 074, Италияда 31 506, Иранда 16 169, Испанияда 11 826, Германияда 9 257, Түштүк Кореяда 8 413, Францияда 7 695 киши ж.б. мамлекеттерде чалдыкты.
Коронавируска дүйнөдө жалпысынан 197 496 киши кабылды.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) 11-мартта коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.
Сүрөттө: Коронавирус. Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү