Окуучулар убактылуу дистанттык түрдө окушат

  • 4 года мурун

Кыргызстандагы билим берүү уюмдары мөөнөтүнөн мурда каникулга чыккандыгына байланыштуу билим берүү жана илим министрлиги окутуунун дистанттык түрү уюштуруп жатат.

Алар: онлайн сабактар, окутуу телеберүүлөрү, окуу жана адабият китептери, маалыматтык технологиялар жана электрондук ресурстарды колдонуунун башка түрлөрү.

Окуучулар үчүн министрликке караштуу https://lib.kg/lib/school/ сайтында ар түрдүү тематикадагы 400гө жакын акысыз окуу материалдары

жайгаштырылган. Бул окутуу кыргыз, орус, тажик жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн.

iBilim (башталгыч класстар үчүн) жана билим булагы мультимедиялык комплекстеринен колдонсо болот. Комплекстер төмөндөгү шилтемелерде жайгаштырылды — http://ibilim.kg/kyr/index.html http://bb.edu.gov.kg/index.php.

Мындан сырткары билим берүү жана илим министрлиги KSMS-Кыргыз-Швед математикалык мектеби менен өнөктөштүктө мектептер менен окуучулардын онлайн форманы киргизип жатат. Онлайн ресурстарды колдонуу менен окуучулар окуу программасынан узак мөөнөткө алыстап кетпейт жана календардык-тематикалык пландан артта калбайт. Бул окууну р кайсы гаджеттерде колдонсо болот.

16-марттан баштап Кыргызстанда мектептер менен жогорку окуу жайлар үч жумага карантинге жабылган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) 11-мартта коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты