Кыргызстанда той-ашка убактылуу тыюу салынды
- 4 года мурун
Кыргызстанда 50 орундан ашкан комдук тамактануу жайларында массалык иш-чара өткөрүү, соода борборундагы оюн-зоок аянтчаларындагы иш — чараларга тыюу салынды.
“12-мартта өкмөт тарабынан токтом чыгарылган. Анда массалык иш-чараларды токтотуп туруу сунушталган. Азыр аны өзгөртүп, сунуш эмес, тыюу салуу киргизилди. Соода борборлорундагы оюн-зоок аянтчалары, тамактануучу жайлар жана ресторандарда иш- чараларды өткөрүүгө тыюу салынды” деп Өмүрбекова бүгүн, 17-марттагы брифингде билдирди.
Мурда массалык иш-чараларды токтотуу сунуш иретинде айтылып келген, эми убактылуу тыюу салынды.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) 11-мартта коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.
Муну бөлүшүү