​Италиядан кат: Коронавирустан сактанууда башкалардын катасынан сабак алгыла!

Социалдык тармактарда Италиядан келген кат жайылтылып жатат. Коронавируска байланыштуу Италияда 60 млн киши карантинде экени, бул башында элдин баары дартка анчалык маани бербей, ээн-эркин жүрө бергенинен болду, силер башкалардын катачылыгынан сабак алгыла деп айтылат.

«Баарынарга тынччылык болсун. Биз Италияда, Миланда жашайбыз. Мен сиздерге Миландагы жашоо кандай болуп жатканын айтып берейин.

Оор күндөрдө, биз бул жакта башыбыздан кечирип жаткан катачылыктарыбыз менен анын кесепеттеринен сабак алышыңыздар керек.

Азыр биз — карантиндебиз. Эшикке да чыкпайбыз, полиция дайыма көзөмөлдө турат жана үйдөн кичине ары жылсаң эле, камайт.

Бардык жактар жабык: бизнес, соода борборлору, дүкөндөр, көчө кыймылсыз. Акыр заман келгендей эле!

Жандуу шаар бир заматта согуш болгон кара шаарга айланып баратат. Мен ушундай учурга качандыр бир кезде кабылам деп ойлогон эмес элем.

Эл кайгы-капалуу, тынчсызданып жана эмне кылар айласын таппай турат, бул турмуш аларга таңууланып жатканы сезип жана бул тозок качан аяктарын биле албай турат.

Эң башкы катачылык, биринчи толкун башталганда, эл кадимкидей эле турмушта жашай берди, көчөгө чыгып, жумушка, көңүл ачуу жайларына барып, досторуна жолугуп, айтор дарт жугузуу коопсуздугуна деле карашпады.

Силер да этият болгула, бул күлкү же тамаша эмес. Өзүңөрдүн ата-эне, чоң ата-чоң апаңарды, жакыныңарды сактап калгыла.

Дарт баарына коркунучтуу. Күнүнө 200 киши Миландагы медицина начар болгон үчүн каза таап жаткан жок, Миланда медицина дүйнөдө эң мыкты, бирок ал жакта орун баарына эле жетише бербейт.

Врачтар ким өлөт деп тандап жатат! Мунун баары башында жарандардын баары кайдыгер болуп койгонунан, абалга карабай, мурункудай эле күн кечире бергенинен.

Азыр жакшылап угуп алгыла. Башкалардын мисалынан сабак алгыла! Биз кичинекей өлкөбүз, бул чоң алааматка айланып кетпесин.

Эл көп агулган жерлерге барбагыла. Коомдук тамактануу жайларынан тамактануудан мүмкүн болушунча кармангыла. Үйдө болуп турууга аракеттенгиле. Саламаттык сактоо министрлигинин айткандарын аткаргыла.

Сүйлөшкөндө жакын турбагыла, бир метр алыс тургула. Кошумча жана алдын алып дарылангыла, башкалардын катачылыгынан сабак алгыла.

Иммунитетиңерди көтөрүш үчүн С витаминин алгыла. Эпидемия жайылып кетпеш үчүн кесипкөйлөрдүн жардамын алгыла.

Италияда бүт өлкө изоляцияда калды, 60 млн киши — карантинде. Эл башынан эле кеңештерди аткарганда, мындай болмок эмес. Өзүңөрдү жана жакындарыңарды сактагыла!» деп айтылат социалдык тармактын колдонуучусу. (Кат кыргызчага которулду-ред.)

Коронавирус 117 өлкөдө катталды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

16-мартка карата Кытайда 81 020 киши, Италияда 24 747, Иранда 13 938, Түштүк Кореяда 8162, Испанияда 7844 киши коронавирус жугузду. Россияда 63, Казакстанда 9, Өзбекстанда төрт учур катталды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты