​Аида Касымалиева үй карантинине кантип алынганын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева Германияга иш сапар менен барып, ал жактагы коронавирус жагдайына жараша, Кыргызстанга келгенде үй карантинине алынгандыгын айтты.

Бул тууралуу депутат мындай комментарий берди:

1. Эки депутат (мен жана Абдыбек Дүйшалиев), Жогорку Кеңеш аппаратынын кызматкерлери жана Эбберт фондунун кызматкерлери 8-мартта Берлин шаарына иш сапар менен барганбыз.

Кетээр алдында саламаттык сактоо министрлигинен консультация алдык, бирок ал жакка барууну токтоткон жокпуз, себеби Бундестагда да жолугушуу болмок. Чакыруу Бундестагдан келген жана сапарды көптөн бери пландап жатканбыз.

2. Берлинде жана Стамбулда баары тынч, эч ким деле беткап кийип жүргөн жок. Бардык жерде кол жууган суюктугу бар машинкалар турат. Учакта анкета толтурулат.

3. Берлинге жеткенден кийин эки күн ичинде абал курчуп кетти. Биз билетибизди алмаштырып, тезинен Кыргызстанга кайттык. Бир катар жолугушуулар өттү, бирок көбү болбой калды.

Берлинде эч ким деле жолукканда кол алышып учурашпай калыптыр, өбүшүүнү мындай коёлу.

Эртең менен ар күнү брифинг болуп жатты, бирок жалпысынан баары тынч жана беткапсыз жүрөт. Бардык массалык иш-чараларга тыюу салынган. Улгайган кишилерге абдан көңүл бурулууда.

4. Мен Кыргызстандын коронавирус боюнча штабы менен байланышып, көрсөтмө алып турдум. Штабдын ишине таң калдым, андагы алгоритм так жана жазуу түрүндө берилет экен.

Биз келгенден кийин, 13-мартта, саат 02.40 та үй карантинине алындык. Эртең , 14-марттан (коронавирус жугузуу кооптуулугу бар өлкөлөрдөн –ред.) мисалы, Германиядан келгендер обсервациядан өтүшү керек, бул үй карантини эмес, андан катуураак режим.

5. «Манас» аэропортунан учактын ичинен бизди бир жолу текшеришти. Жалпы залда сурамжылоо жүргүзүштү, анкета толтурдук, анализ алышты. Жыйынтыгы бүгүн чыгат. 10-12 күндөн кийин дагы бир анализ алышат. Үй карантининде эмне кылуу керектигин жакшылап түшүндүрүштү.

6. Ал жакта суткалап иштеп жаткан врачтарга ыраазылык билдиргим келет. Алардын тактыгын, жоопкерчилигин, токтоолугун белгилегим келет.

Кыргызстанда вирустун алдын-алуу чараларын көрүш керек. Элге мүмкүн болушунча маалыматты көбүрөөк берүү зарыл.

7. Үйдөн иштеп турам. Абалым эң жакшы, жөтөлгөн жокмун, дене табым нормада.

Жарандык активдүүлүк да чоң роль ойноорун белгилеп кетким келет, кайсы өлкөгө барып келгениңди жашырбаш керек, штабда айтылгандардын баарын аткарып жана эрежелерди сакташ керек.

Карантин өтүүдөн баш тарткандар да бар экенин уктум, андай болбойт жана бул жоопкерчиликсиз мамиле.

Делегациянын калган мүчөлөрүнүн баары үй карантинине алынды,-деди Аида Касымалиева.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу депутаттар Аида Касымалиева жана Абдыбек Дүйшалиев, жана аларды коштоп барган аппараттын алты кызматкери үй карантинине алынганын, эртең обсервацияга алынарын билдирди. Анын айтымында, аталгандардын баарынан анализ алынды, жыйынтыгы күтүлүп жаткандыгын айтты. Аларда дарттын симптомдору жок экенин билдирди.

Германия Кыргызстандын республикалык штабы эпидемиологиялык абалына жараша бөлүштүргөн биринчи категориядагы өлкөлөрдүн ичине кирет. Ал категорияга Германиядан тышкары Кытай, Италия, Иран, Түштүк Корея, Франция жана Испания кирет. Бул өлкөлөргө каттаган кыргызстандык жарандар 14 күнгө карантинге алынат.

Сүрөттөр: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты