Депутаттар камакта отургандарга мунапыс жарыялоону сунуштады. Кимдер кирет?

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаттары Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата камактагыларга мунапыс жарыялоону сунуштады.

Эл өкүлдөрү Наталья Никитенко менен Исхак Масалиев демилгелеген мыйзам долбоору парламенттин сайтына жарыяланып, коомдук талкууга коюлган.

Амнистия кылмышты кокустан жасап алгандарга же социалдык колдоого муктаждарга (аял, балдарга) тиешелүү.

Мунапыска туш болчулар:

  • Аялдар, жашы жете электер, беш жылга чейин мөөнөткө биринчи жолу кесилгендер;
  • 60 жаштан ашкан кишилер, ошондой эле 55 жаштан өткөн аялдар;
  • ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер, I жана II топтогу майыптыгы барлар;
  • эки же андан ашык баласы бар же ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үй-бүлөнү жалгыз камсыз кылгандар;
  • анча оор эмес кылмышты биринчи жолу жасагандар;
  • кош бойлуу жана көп балалуу келиндер;
  • аялдар жана жашы жете электер.

Мунапыска илинбей тургандар:

  • Буга чейин амнистияга туш болгондор же ырайым кылынгандар;
  • өмүр бою эркинен ажыратылгандар;
  • эки же андан ашык кылмыш жасагандар;
  • абакта жаткан учурда режим бузгандар;
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты