​Кореяда акысыз билим алуу үчүн сынак жарыяланды

  • 4 года мурун

Билим берүү жана илим министрлиги Кореяда акысыз билим алуу үчүн сынак башталганын кабарлады.

— Докторантура программасы боюнча акысыз окууну каалагандар президенттик стипендия алат жана 2020-жылдын күз мезгилинде Сеул улуттук университетинде билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Программа 6 семестр билим алууну, ай сайын 1 500 – 2 000 вон (болжолдуу 1250-1670 доллар) стипендияны, авиабилетти, корей тили курсун жана медициналык камсыздандырууну өзүнө камтыйт. Окуу жайдын жатакана акысын талапкер өзү көтөрөт (университеттин өкүлдөрүнүн маалыматында бул ай сайын 300 – 400 вонду түзөт).

Талапкерлер керектүү документтерди төмөндөгү шилтеме менен 2020-жылдын 27-марты саат 17:00гө (Корея убактысы боюнча) чейин онлайн система аркылуу тапшыруу керек. https://en.snu.ac.kr/admission/overview/notice?md=v&bbsidx=127190

Анкетаны онлайн толтуруу жана башка процедуралар боюнча бардык маалыматтар жогурдагы шилтемеде англис жана корей тилдеринде келтирилген, — деп билдирди билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты