Акыйкатчы: “Свердлов районунун бир катар ИИБ кызматкерлери жоопкерчиликке тартылышы керек”

  • 4 года мурун

8-мартта Акыйкатчы институтунун кызматкерлеринен турган мониторинг жүргүзүү тобу аялдардын укугу үчүн жөө жүрүшкө чыгып кармалгандар менен жолугушуу үчүн Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына барганда, аларды бир саат бою киргизген эмес.

Акыйкатчыларга кирүүгө кармалган жөө жүрүшчүлөр бошотулгандан кийин гана уруксат берилген.

ИИБде марштын катышуучуларынан 70 киши кармалганын, алардын арасынан 9 кишиге жоруктар кодексинин 82-беренеси, милицияга баш бербегендиги боюнча айып тагылганы тууралуу маалымат берилген.

Ал эми “Кырк чоро” тобу марштын катышуучуларын таркатууга тиешеси жок экенин айткан.

Акыйкатчы институту акыйкатчыларды жана кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкерлерин ИИБ имаратына киргизбегендиги үчүн милиция кызматкерлерине чара көрүү керектигин билдирип, тиешелүү инстанцияга кайрылышты.

8-мартта Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршы» өтмөк. Бирок алгач белгисиз кишилер уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция жөө жүрүш катышуучуларын кармай баштаган. Милиция кармап кеткендердин арасында башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин жетекчиси Рита Карасартова, активист Алтын Капалова жана журналисттер болду.

Сүрөт: Акыйкатчы басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты