​Москвада коронавирустан улам жогорку даярдыктагы режим киргизилди

  • 4 года мурун

Москва мэриясы коронавирус коркунучуна байланыштуу жогорку даярдыктагы режим киргизди. Тиешелүү жарлыкка мэр Сергей Собянин кол койду.

Собянин Кытая, Түштүк Корея, Италия, Иран, Испания, Германия жана Франциядан келген жарандардан өз алдынча карантинге барууну талап кылды.

Коронавирус катталган өлкөдө болгондор Орусияга кайтканы жөнүндө маалымат берүүгө тийиш.

Ошол эле маалда мэр Москвада кырдаал туруктуу экенин билдирди. Шаар бийлиги коомдук иш-чараларды чектөөгө азырынча негиз жок деп эсептейт.

Бирок биринчи жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын базасында тез куралуучу конструкциялар менен атайын корпус курууну тапшырды. Мындай госпиталь Кытайдын Ухань шаарында салынган. Жаңы вирус дал ошол жактан чыккан.

Москва мэриясы COVID-19 вирусу менен күрөшүү боюнча бир нече план иштеп чыкканы 5-мартта белгилүү болгон. Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, өзгөчө чечим менен шаар бийлиги коомдук транспорттун ишин токтотуп, кирүү-чыгуу жолдорун жаап, коменданттык саат жарыялай алат.

Москва шаарынын жашоочусунда коронавирус 2-мартта катталган.

Сүрөт: AFP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты