​ИИМ: Митинг учурунда 166 киши кармалган

  • 5 лет мурун

Камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен өткөн митингден кийин 166 киши кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алардын ичинен 162 кишинин аты-жөнү такталгандан кийин бошотулду, төртөө камалды. Учурда жапырт башаламандык фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү башталды.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Садыр Жапаровду колдоо кыймылынын төрагасы, экс-депутат Каныбек Осмоналиев тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин кабарлаган.

УКМКнын маалыматына караганда, аны менен кошо митингдин дагы бир Д.А аттуу киши да камалган. Бирок бул орган анын ысымын толук атай элек. Кармалгандар кылмыш-жаза кодексинин 39-жана 309-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү») менен кылмышка шектелүүдө.

Тергөө иштеринин жыйынтыгында, аталган адамдарга карата жасалган кылмыш тууралуу билдирме берилип, бөгөт чарасы каралат. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Мунун алдында УКМК 2-марттагы митингдин уюштуруучулары катары Каныбек Осмоналиев, Сабыр Жапаров, Амангелди Артыков жана башкалар кармалганын билдирген. Жогоруда аты аталгандардан башкасы кайра коё берилген.

2-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен уюштурулган митингдин соңунда тараптар кагылышып, милиция митингдин катышуучуларын күч менен таркатып, айрымдарын кармаган. Кууп таркатуу учурунда таштар ыргытылып, көчө боюндагы автоунаалар, имараттар жабыркаган.

Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында митинг уюштурган деп жана экс-губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган деп айыпталган.

Бишкектин Биринчи май райсоту Жапаровду 2017-жылдын 2-августунда кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси (“Бийлик өкүлүн барымтага алуу”) боюнча күнөөлүү деп тапкан. Анын негизинде он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыраткан.

2019-жылы 30-апрелде Жогорку сот Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскарткан. Сотто Жапаровдун иши боюнча жаза — 10 жыл эркинен ажыратылсын деп табылган.

Сүрөт: Вячеслав Оселедко (AFP).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты