​Абылгазиев: “Жүргүнчүнүн кайсы өлкөдө болгонун да текшерүү керек”

  • 4 года мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев башка өлкөлөрдөн келген жүргүнчүлөрдү текшерүү процесси менен жеке таанышуу максатында «Манас» эл аралык аэропортуна барды.

«Бүгүнкү күндө бизде вирус катталган жок. Ошого карабастан биз сак болуп, жерибизге келген ар бир адамды текшерүүгө тийишпиз. Ал тургай, дене табынын жогору болушун гана эмес, тигил же бул жүргүнчү келгенге чейин кайсы өлкөдө болгонун да текшерүү керек. Муну жалпы жарандык паспорт боюнча текшерүү оңой. Вирус бар деп шектелгендердин баарын изоляциялоо зарыл» деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы Түркиядан келген жүргүнчүлөрдү текшерүүгө катышты. Учакта 150 жүргүнчү болгон, бул каттам менен келгендердин арасынан кооптуу вирус аныкталган жок.

Абылгазиев убактылуу обсервация жайына барды. Учурда мында эпидемиологиялык абал жакшы эмес ар кыл өлкөлөрдөн келген 122 адам бар. Алар текшерүүдөн өтүп, 14 күндүк карантинге алынган. Ошондон кийин гана алар өлкөгө өткөрүлөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты