Абылгазиев аэропорттор модернизациясы боюнча Жорждина Бэйкер менен сүйлөштү

  • 4 года мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эл аралык финансы корпорациясынын Латын Америка жана Кариб, Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча вице-президенти Жорджина Бэйкер менен жолукту.

Жорджина Бэйкер эл аралык финансы корпорациясынын делегациясы республикага инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана өз ара аракеттенүүнүн жаңы финансылык инструменттерин жайылтуу мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо максатында келгенин билдирди.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык кызматы билдирди.

Премьер-министр IFCтин медициналык жабдууларды өндүрүү жана гемодиализ кызматын көрсөтүүдө лидер болуп саналган «Фрезениус Медикал Кэйр» эл аралык компаниясын тартып, республикада гемодиализ борборун уюштуруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн биринчи долбоорун жүзөгө ашырууга кошкон салымын белгиледи. Ал ошондой эле финансылык институттун биз үчүн абдан маанилүү болуп саналган саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөлөрүндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагындагы жаңы долбоорлорду даярдоого көмөк көрсөткөнүн да белгиледи.

Мындан тышкары жолугушууда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун негизинде аэропортторду модернизациялоо жана өнүктүрүү боюнча өз ара кызматташуунун келечеги талкууланды.

Мухаммедкалый Абылгазиев аймактык транзиттик авиа-хаб түзүүдөгү, аэропорттордун инфраструктурасы менен туризмди өнүктүрүүдөгү жана жаңы эл аралык багыттарды ачуудагы Кыргыз Республикасынын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн бул долбоордун маанилүүлүгүн белгиледи.

Премьер-министр жана IFCтин аймактык вице-президенти эл аралык финансы корпорациясынын башка өлкөлөрдө аэропортторду өнүктүрүү чөйрөсүндө окшош долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чоң тажрыйбасын эске алуу менен бул багыттагы биргелешкен кызматташтык ийгиликтүү болоруна ишенимин билдиришти.

Сүрөт: Өкмөттүн маалымат кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты