200 гектар жер транформацияланат жана инвесторго 45 млн сом кайтарылат

  • 4 года мурун

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы индустриалдык-соода-логистикалык борбордун курулушу боюнча долбоор жабылды.

Соода-логистикалык борборго бөлүнгөн 200 гектар жер транформацияланат жана инвесторго 45 млн сом кайтарылат.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

“Ат-Башы районунун калкынын бир бөлүгү бул долбоорду аткарууга каршы болгондуктан, аны мындан аркы ишке ашырууну токтотуу жана долбоорду башка рынокторго багыттоо чечими кабыл алынды.

«Нур Строй Монтаж» ЖЧКсынын жана «One Lead One Trading Limited» компаниясынын ортосундагы «Нарын» эркин экономикалык аймагында индустриалдык-соода-логистикалык борборду куруу тууралуу келишим жокко чыгарылды.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 200 га жерди трансформациялоо жөнүндө токтомун жана өкмөттүн бул аймакты «Нарын» ЭЭАга берүүдөн баш тартуу жөнүндө буйругун жокко чыгаруу процесси даярдалууда” деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Ошондой эле өкмөт индустриалдык-соода-логистикалык комплекстин курулушу үчүн берилген жерде айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын ордун толтуруу үчүн инвестор тарабынан бөлүнгөн 45 млн сомго жакын өлчөмдөгү финансы каражаттарын кайтарууга даярданып жатканын кошумчалады.

6-февралда Ат-Башыда логистикалык борборду курууга каршы кайрадан митинг болгон. Активисттер акция башталганда түшкө маал ал жерде 500дөй киши чогулуп турганын айтышкан.

Ат-Башыдагы чек арага жакын аймакта борбор куруу долбоорун ишке ашыруучу «Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы» ишканасына кытайлык Лю Ин жана кыргызстандык Эмилбек Абдыкадыров ээлик кылат. Кыргыз ишкеринин айтымында, логистикалык борборду салыш үчүн Лю Ин 280 миллион доллар каражатты түз инвестиция кылмак.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты