​73 миң салык төлөөчү салык декларациясын тапшырды

  • 4 года мурун

25-февралга карата 72 миң 949 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды.

Бул тууралуу салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын ичинен 17 миң 488 юридикалык жак, 33 миң 702 жеке ишкер, 8 миң 568 жеке жак, 2938 салык салынуучу кирешеси жок жеке жак, ошондой

1-мартка чейин салык декларациясын ата мекендик уюмдар, анын ичинде дыйкан жана фермердик чарбалар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу мекемени түзүү менен ишин жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар берүүгө тийиш.

Ал эми 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт), кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.

1-мартка чейин белгиленген графикке ылайык, аймактык салык органдарынын кызматкерлери алдыдагы жана дем алыш күндөрү да декларацияны түн ортосуна чейин кабыл алышат.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 1240 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты