«Унаа» ишканасына директор дайындалды
- 5 лет мурун
Мамлекеттик «Унаа» ишканасынын директору болуп Марат Пирназаров дайындалды.
Бул тууралуу буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Марат Пирназаров 2012-2017-жылдары мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Ал кездеги премьер-министри Сапар Исаковдун буйругу менен кызматтан алынган.
Мурдагы жетекчи Алымжан Козубаев Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун сунушу боюнча кызматынан бошотулган.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү