Момбеков Атамбаевдин абалы тууралуу (Видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков 21-февралда Атамбаев менен жолугуп чыккандан кийин тарапташтарына анын ден соолугу тууралуу билдирди:

«Ал «күнөөсү жок суракта жүргөн, камакта отурган балдарымды ойлоно берип түнкүсүн түшүп кетип жатат, мындай болчу эмес, бирок аягына чейин чыдайм» деп айтты. Турганда ордунан жыгылып кете жаздаганын баарыбыз эле көрдүк да» деди Момбеков.

Атамбаев «түрмөнүн ичинде өлүп калбайын» аракет кылып жатканын айтканын депутат билдирди.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаттары 21-февралда улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагындагы Атамбаевге жолугуп чыгышты.

Жолугушууга Мурадыл Мадеминов, Карамат Орозова, Асел Кодуранова, Рыскелди Момбеков, Анвар Артыков жана Мухтарбек Айнакулов барды.

Алар кирип чыкканга чейин мурдагы президенттин 50дөй тарапкери УКМКнын имаратынын жанында турушту.

Кийинки кезде камакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы качарлап, кан басымы төмөндөп кеткени айтылууда.

Улуттук кооопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Алмазбек Атамбаевдин абалы бир калыпта экенин билдирүүдө.

Алмазбек Атамбаевди 8-августта ички иштер министрлиги улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган. Анда бир офицер каза болуп, 100 дөн ашык киши жаракат алган.Азыр мурдагы президент УКМК абагында отурат.

Атамбаевге Кой-Таштан мыйзамсыз жер алган, бийлик өкүлүн коркутуу, массалык баш аламандык, кылмышка аракеттенүү, барымтага алуу, куралдуу ок-дарыны мыйзамсыз жүгүртүү жана ЖЭБ модернизациясы жана Батукаевди бошотуу боюнча оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча айып тагылган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты