Жалал-Абад шаарында жана Кадамжайда лицензиясы жок арак сатышкан
- 4 года мурун
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финполиция) менен бирге Кадамжай районунан жана Жалал-Абад шаарынан лицензиясы жок ар кандай аталыштагы жана идиштеги алкоголдук продукцияны сатуу фактысын аныкташты.
Бул тууралуу салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Жалал-Абад шаарынын соода объекттеринин биринен ар түрдүү 3 миңге жакын, ал эми Кадамжай районунан 500 дөн ашык бөтөлкө алкоголдук продукция алынды.
Азыркы учурда сотко чейинки териштирүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Иллюстрациялык сүрөт.
Муну бөлүшүү