​Инклюзивдик класстарда билим алган окуучулар саны көбөйдү

  • 4 года мурун

Бишкек шаарындагы билим алып жаткан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны 289га жетти. Инклюзивдик класстар борбордогу №3, №11, №19 жана №59 орто мектептерде ачылган.

Бул класстардын максаты – мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын кадимки окуучулар менен чогуу билим алышын камсыздоо.

Өткөн окуу жылында Бишкектеги төрт мектепте инклюзивдик класстар болгон. 254 бала билим алган.

Бул жылы инклюзивдик класс Балыкчы шаарындагы №10 Манас орто мектебинде да ачылды. Анда азыр 12 бала окуп жатат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты