Депутат Бекешев: “Согуш ардагерлерин колдоо керек»
- 5 лет мурун
Жеңиштин 75 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлеринин ар бирине 70 миң сомдон берүү керек.
Бул тууралуу бүгүн, 20-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.
“Учурда жашап жаткан 220дай ардагерге менин эсебим боюнча 15 млн 400 миң сом кетет. Жылдан-жылга саны азайып бара жаткан ардагерлерибизге көңүл буруп, дөөлөттүү карылыгын татыктуу жашап өтүүсүнө көмөк көрсөтүшүбүз керек”, – деди Бекешев.
Муну бөлүшүү