Өкмөттөгү дайындоолор
- 5 лет мурун
Өкмөттө бир катар кадр дайындоолор болду.
Каттоо кызматынын төрагалыгына Акын Мамбеталиев дайындалды.
Мамбеталиев мурда «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары болуп иштеген.
Мурдагы төрага Алмаз Мамбетов 13-февралда кызматтан бошотулган.
Урматбек Кокочаров өкмөткө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды .
Экотехинспекциянын башчысы болуп Мырзабек Жыпаркулов дайындалды. Мурда мамтехэкоинспекциянын директорунун орун басары болуп иштеген.
Буга чейин иштеп келген Жолдошбек Жунушев кызматтан бошотулган.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Муну бөлүшүү