Жээнбеков Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смитти кабыл алды

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-февралда, Кыргыз Республикасынын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смитти кабыл алды.

Сооронбай Жээнбеков ишкерлер көтөргөн негизги көйгөйлөрдүн бири — бизнес чөйрө менен фискалдык жана укук коргоо түзүмдөрүнүн ортосунда түшүнүшүү жана натыйжалуу координациянын жок болуп жатканы, ошол себептүү ишкерлер бизнес чөйрөсүндө акыбал начарлап, өлкөдөн инвестиция чыгып кетип жатканын белгиледи.

Президент Жээнбеков Робин Орд-Смиттин тажрыйбасы мамлекеттик органдар менен ишкерлер натыйжалуу өнөктөш болушу үчүн бизнес жана инвестицияны коргоонун натыйжалуу механизмдерин жөнгө салып, мыйзам чыгаруу базасын өркүндөтүүгө жана ар кандай тоскоолдуктарды жоюуга негиз түзө тургандыгына ишенимин билдирди.

«Бизнес-акыйкатчы институтун чет өлкөлүк жарандын жетектеп жатканы — өлкөнүн тышкы инвестицияларга ачык экенинин көрсөткүчү», — деген пикирин билдирди Робин Орд-Смит.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты