​Журналист Болот Темировго кол салууга шектелгендер иши тергелип бүттү

  • 4 года мурун

Милиция «FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темировго кол салууну тергеп бүтүп, ишти сотко өткөрүп берүүнүн алдында турат. Бул маалыматты Темиров өзү ырастады.

Анын айтымында, шектүүлөргө «Тоноо» жана «Бейбаштык» беренелери боюнча айып коюлду.

9-январда, түшкө маал Factcheck. kg порталынын башкы редактору Болот Темировду сабап кетишкен.

Ал бул кол салууну «FactCheck» порталы жарыялаган бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайынын буюмдары жөнүндө иликтөөгө байланышы мүмкүн деп божомолдогон.

Аны сабаган деген шек менен 14-январда Бишкекте төрт киши кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты