Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү дайындалды
- 5 лет мурун
Назирбек Бөрүбаев өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалыматтык кызматы билдирди.
Бөрүбаевдин 2013-2020 «Кыргызмамжердолбоорлоо» институтунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы болуп иштегендиги айтылат.
Иллюстрациялык сүрөт. Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү