​Ат-Башыда логистикалык борбор курууга каршы митинг өттү (Видео)

Ат-Башыда логистикалык борборду курууга каршы митинг өттү.

Каршылык акциясына миңдеген киши катышканы айтылууда.

Жарандык активист Аманбол Бабакулов митингге чыккандардын талабы тууралуу «Азаттыкка» билдирди.

— Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл аймагына караштуу 200 гектар жерди «Нарын» эркин экономикалык аймагына ижарага берген өкмөттүн токтому жокко чыгарылсын.

— «Нарын» эркин экономикалык аймагы менен «Нур-Строй» компаниясынын ортосундагы келишим жараксыз деп табылсын.

— Ат-Башы районунун аймагында ушул сыяктуу иштерди аткаруу жана кен байлыктарын иштетүү маселеси элдик жыйындарда чечилсин.

— Эл менен эсептешпей, өзүм билемдик менен буйрук чыгарган Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл аймагынын башчысы Канатбек Стамакуновго катуу эскертүү берилсин.

— Элдин жыйындарда чыгып сүйлөгөн жарандарды укук коргоо органдары коркутуп-үркүтпөсүн. Алардын туугандарына жана аялдары менен балдарына коркутуу токтотулсун» деген талаптарды коюшту.

Ат-Башыдагы чек арага жакын аймакта борбор куруу долбоорун ишке ашыруучу «Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы» ишканасына кытайлык Лю Ин жана кыргызстандык Эмилбек Абдыкадыров ээлик кылат.

Кыргыз ишкеринин айтымында, логистикалык борборду салыш үчүн Лю Ин 280 миллион доллар каражатты түз инвестиция кылат. Башкача айтканда, мамлекеттен эч кандай кепилдик келишимдери жок.

Курулушка каршы болгондор логистикалык борбор үчүн ижарага берилген жер кийин Кытайга өтүп кетет деп чочулашат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 5-февралда, парламенттин жалпы жыйынында Ат-Башыда логистикалык борборго социалдык тармактарда 20-30 гана киши элди дүрбөтүп жатканын айткан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты