Вице-премьерликке Мадумаровдун талапкерлиги жактырылды
- 5 лет мурун
Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын депутаттары Акрам Мадумаровдун талапкерлигин вице-премьер министрликке жактырды.
Акрам Мадумаровдун талапкерлигин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштады.
Буга чейинки вице-премьер Жеңиш Разаков өз арызына ылайык кечээ, 11-февралда, кызматынан бошотулган.
Акрам Мадумаров 1977-жылы 29-июнда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кара-Дөбө айылында төрөлгөн.
2019-жылдын 1-апрелинен тартып өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп келген.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү