​Назарбаев Кордойдогу окуя боюнча пикирин билдирди

  • 4 года мурун

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев 11-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында Кордойдогу окуя боюнча алгачкы жолу пикирин билдирди.

— Болуп өткөн окуя менин тынчымды алууда. 30 жыл аралыгында биз оор күндөрдү баштан өткөрдүк. Казакстанда 130 ишкана жабылып, 2,5 миллион адам жумушсуз калган. Азык-түлүк тартыш болуп, үйлөргө жылуулук берилбей калган. Бул кыйынчылыктардын бардыгын бирге жеңдик. Ал кезде биздин көп улуттуу калкыбыз биригип, туруктуулукту камсыз кылбаганда, бүгүн биздин өлкөгө чет өлкөлүк инвесторлор келмек эмес. Казакстан элдеринин ассамблеясы жана анын аймактардагы өкүлчүлүктөрү мындай учурлардын алдын алуусу керек. Бул биздин жалпыбыздын ишибиз, — деди Назарбаев.

8-февралга караган түнү Казакстандын Кордой районундагы Масанчи, Шордөбө, Каракемер айылдарындагы баш аламандыктан 10 адам каза болгон. 40 киши жаракат алган, 25 турак үй, 31 коммерциялык объект, 41 машина өрттөлгөн.

Тополоң чыккан бул айылдар Токмок шаарына тушташ, Чу дарыясынын аркы өйүзүндө жайгашкан. Зомбулуктан улам миңдеген киши Кыргызстанга качкан. 11-февралда Жамбыл облусунун губернатору Бердибек Сапарбаев акыркы эки күн ичинде Кыргызстандан 8000ге жакын дунган улутундагылар кайтып келгенин билдирген.

Сүрөт: Elbasy.kz

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты