«Ош-Таатан» соода комплексинде мыйзамсыз майнинг-ферма табылды
- 5 лет мурун
«Ошэлектро» ачык акционердик коомунун кызматкерлери экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү менен бирге «Ош-Таатан» соода комплексинин аймагында мыйзамсыз иштеген майнинг-фермасын таап чыгышты.
Анда бардыгы 300 видеокарта жана 1300дөн ашуун жабдуу табылган.
Майнинг-фермага электр энергиясын берүү токтотулду..
Бул тууралуу улуттук энергохолдинг басма сөз борбору билдирди.
Муну бөлүшүү