​Торутаев: «Кытай онлайн декларациялоого өтсө, бажыдагы товар баасынын айырмасы жоюлат»

  • 4 года мурун

Кытай менен Кыргызстандын бажы тармагындагы товарлардын суммасы боюнча айырмачылыгы эмнеде?

Бул суроого КР бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев бүгүн, 11-февралда, Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча депутаттык комиссиянын отурумунда билдирди.

— 2019-жылды жыйынтыгы менен жалпы бардык мамлекеттерден 2 млрд 905 млн долларга импорттолуп келген.

Биздин статистика боюнча, Кытайдан жалпысынан импорт 2019-жылы 1 млрд 942 млн. болду. Кытайдын маалыматы боюнча 5 млрд 556 млн доллар.

Биз 2010-жылдан бери Кытайга өтүнмө жөнөтөбүз айырмачылыктарды билүүгө. Кытай ички мыйзамдарына ылайык, толук статистика бере албайбыз деп жатат.

Биринчиси — 2018-жылы жыйынтыгы боюнча Кытай менен Кыргызстандын айырмачылыгы 3 млрд 613 млн доллар ажырым бар.

Биздин анализ жыйынтыгы эң негизги себеби методологияда болуп жатат. Алардын методологиясы башка өлкөлөрдөн транзиттик жүктөр да кошулуп жатат. Ажырым бизде гана эмес, Казакстанда 6 млрд тегереги, Россияда да, АКШда да бар экен.

Экинчи көйгөй- товарларды декларациялоо классификациясындагы айырмачылыгы. Кытай статистикасында физикалык көлөмү, 950 товарык позицияга суммасы гана көрсөтүлөт. Биздики наркы, салмагы, коду көрүнөт.

Себептер көп. Андан сырткары экспорттук баа ар кандай болушу мүмкүн. Бажы кызматы ошол бааны көлөмүнө кошуп, чыгарат.

Кытайлар 70 миң даана бийик кран импорт болуп келди десе, бизде ал 30 миң бийик кран болуп келген.

Бул маселени беш мамлекетин ичинде да талкуулаганбыз. 1-июлдан баштап, Кытай онлайн декларация бере баштайт. Кытай менен беш мамлекет келишим түздү. Бул маселе чечилет. Декларация электрондук түрдө болгондо, андай болбойт, -деди КР бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев.

Былтыр 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана “Көмүскө акча ташыгандар кербени” деген иликтөө жарыяланган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкерелеген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты