Аутизм, Даун синдрому жана шал илдети бар балдар көйгөйүн иликтөө комиссиясы түзүлдү

  • 6 месяцев мурун

Бүгүн, 1-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында аутизм, Даун синдрому жана церебралдык шал илдетине чалдыккан балдардын көйгөйлөрүн жана ушул жааттагы мыйзамдарда каралган алардын укуктарынын сакталышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү.

Убактылуу депутаттык комиссия түзүүнүн демилгечиси — «Альянс» фракциясы.

Добуш берүүнүн негизинде комиссиянын курамына депутаттар Марлен Маматалиев, Таалайбек кызы Жылдыз, Винера Раимбачаева, Айбек Алтынбеков, Эмил Жамгырчиев, Айгүл Айдарова, Дастан Бекешев, Максатбек Сарбагышев, Мейкинбек Абдалиев, Жылдыз Садырбаева кирди.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты