Медициналык беткапты мыйзамсыз алып бараткан өзбек жараны кармалды

  • 4 года мурун

Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы Жалал-Абаддын «Маданият» автоунаа өткөрмө пунктунан Өзбекстанга 300дөн ашык медициналык беткап алып бараткан өзбек жараны кармалганын кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, медициналык каражаттардын тийиштүү документтери болгон эмес. Кармалган киши милицияга өткөрүлүп берилди.

Кыргыз өкмөтү 3-февралдан тартып айрым дарыларды жана медициналык беткаптарды сыртка чыгарууга тыюу салган токтом чыгарган. Токтомдун мөөнөтү алты айга созулат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты