​Нарындагы жеке бала бакчага өкмөт башчы 100 миң сом тапшырды​

  • 4 года мурун

Нарын облусунун Алыш айылында жергиликтүү ишкер салган жеке бала бакча ачты. Өкмөт башчы бала бакчанын шарттары менен таанышып, 100 миң сомдук сертификат тапшырды.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык кызматы билдирди.

Бала бакчада 12 тарбиячы иштеп, 50 бала тарбияланат. Келечекте бул бала бакчаны муниципалдык менчикке берүү пландалууда.

Премьер-министр ал бала бакчага барды.

«Кайрымдуу жарандар мамлекеттен жардам күтпөстөн, өз күчү менен мындай социалдык мекемелерди ачып жатканы кубандырат. Учурда жалпы өлкө боюнча 400 миң бала балдар бакчасына бара албайт. Ошондуктан мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында бала бакчаларды ачуу – бул мектепке чейин билим берүү мекемелеринин жетишсиздиги боюнча маселенин акырындык менен чечилишинин мүмкүнчүлүгү», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр бала бакчага 100 миң сомдук сертификат тапшырды. Ал билим берүү мекемесинин муктаждыктарына жумшалат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты