Салык кызматы: Жеке маалыматтар ачыкка чыгарылбайт жана сатылбайт

  • 4 года мурун

Мамлекеттик салык кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевдин 6-февралда парламенттик отурумда “МКК, соцфонддо, салык кызматында жана мобилдик операторлор компаниясында сакталган жашыруун маалыматтарды оңой эле алса болот” деп айтканы боюнча билдирүү жасады.

«Салык кызматы салык төлөөчүлөрдүн жеке маалыматтарын эч убакта ачыкка чыгарбагандыгын жана сатпагандыгын билдирүүнү зарыл деп эсептейт.

Депутаттын аталган билдирүүсү укуктук негизге ээ эмес. Мамлекеттик аткаруучу орган катары Салык кызматы салык мыйзамдарынын чегинде гана иш алып барат.

Салык кодексинин 54-беренесине ылайык, салык органдары же анын кызмат адамдары салык төлөөчү жөнүндө алган ар кандай маалыматтар салыктык сырды түзөөрүн эскерте кетели.

Салык төлөөчүнүн реквизиттери (салык төлөөчүнүн аталышы же фамилиясы, аты жана атасынын аты, дареги), салык төлөөчүнүн ИСНи; КНС төлөөчү катары салык төлөөчүнү каттоо жөнүндө; салык төлөөчү мойнуна алган салык карызынын суммасы; салык төлөөчү тарабынан салык мыйзамдарын бузуулар жана соттун чечими менен күчүнө кирген же болбосо салык төлөөчү мойнуна алган бузуулар үчүн жоопкерчилик чаралары; юридикалык жактар тарабынан мамлекеттик бюджеттин пайдасына иш жүзүндө төлөнгөн салык төлөмдөрү жашыруун болуп саналбайт.

Салыктык сырга тиешелүү маалыматтарды ачыкка чыгаргандык үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик каралгандыгын белгилеп кетүү керек.

Мамлекеттик салык кызматы “Түндүк” электрондук өз ара аракеттешүү системасы аркылуу мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө 18 мамлекеттик орган жана ведомстволор менен маалымат алмашууда, бул жарандардын суроо-талаптарына маалыматтарды берүүдө кайталоону болтурбоого мүмкүндүк берет.

«Түндүк» каталогунда Салык кызматы тарабынан иштелип чыккан, жарандарга кызмат көрсөтүүдө башка мамлекеттик органдар пайдалана ала турган кеңири маалымат базасы жайгаштырылган.

Бул маалыматтардын катарында идентификациялык салык номери, ишкерлик ишти жүргүзүү, салык төлөөчүлөрдүн киреше салыгы, салык төлөөчү мойнуна алган салык карызы тууралуу, юридикалык жактар тарабынан мамлекеттик бюджеттин пайдасына иш жүзүндө төлөнгөн салыктар, салык төлөөчүлөрдүн саны, берилген патенттердин саны, юридикалык жакты каттоо жөнүндө активдүү патенттерин текшерүү сервиси боюнча маалыматтар бар, -деп билдирди салык кызматы.

Депутат Марлен Маматалиев кечээ, 6-февралда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында жарандардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча маселе көтөргөн.

«Мамлекеттик каттоо кызматында, салык кызматында жана социалдык фонддо маалыматтар базасына жана мобилдик операторлорго кирүү мүмкүндүгү бар. Бул жакта коррупциялык схема бар экендиги шексиз. Алар акча бөлүшүп, маалымат беришет» деп айткан Маматалиев 6-февралдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты