Депутат Маматалиев: “Жеке маалыматтарыбыз ачык эле сатылып жатат»

  • 4 года мурун

Депутат Марлен Маматалиев кечээ, 6-февралда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында жарандардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча маселе көтөрдү.

-Биз мамлекет болгондон кийин жарандарыбыздын жеке маалыматтарын коргошубуз керек.
7000 сомго телефон номери кимге таандык экендиги тууралуу, чалуулардын детализациясын, жайгашкан жери тууралуу маалыматты беришет. Унаанын ээси, кайсы жерде унаасы байкалгандыгы, керек болсо балдарыңар тууралуу маалымат беришет.

Эгер жеке нотариуска паспортуңузду же паспортуңуздун көчүрмөсүн, же ПИН берсеңиз сизге дарегин, үй-бүлөлүк абалы тууралуу жана башка толук маалымат чыгарып беришет.
Мамлекеттик каттоо кызматында, салык кызматында жана социалдык фонддо маалыматтар базасына жана мобилдик операторлорго кирүү мүмкүндүгү бар.

Бул жакта коррупциялык схема бар экендиги шексиз. Алар акча бөлүшүп, маалымат беришет.
Бул туура эмес, ал адамдарды табуу жана тиешелүү аткаминерлерди жазага тартуу боюнча укук коргоо органдарына тапшырма бериш керек.
Тез аранын ичинде жарандардын жеке маалыматын коргоо боюнча орган түзүү керек, — деди депутат Маматалиев.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты