​“Фин керемети 2.0” жана “Финдердей окуталы” китептеринин бет ачары өтөт

  • 4 года мурун

7-февралда Арабаев атындагы университеттин илимий китепканасында Паси Сальбергдин “Фин керемети 2.0: Фин мектебиндеги ийгиликтүү реформалардан дүйнө эмнени үйрөнө алат?” жана Тимоти Уолкердин “Финдердей окуталы” китебинин кыргызча котормосунун бет ачары өтөт.

Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Билим берүү саясаты боюнча эл аралык эксперт Паси Сальберг тарабынан жазылган китеп Бакытбек Абдуллаев жана Элмира Абжапарова тарабынан кыргызчаланып, “Кереге” фондунун демилгеси менен “Китепстан” басма үйүндө даярдалган.

“Глобал Принт” басмаканасында басып чыгарылган. Китеп буга чейин 18 тилге которулган, кыргыз тилине 19-болуп которулду. Кыргыз тилге которулушу чет элдик гранттын эсебинен эмес, ички ресурстан каржыланган, т.а жеке ишкер Таалай Кумбаев финансылык колдоо көрсөткөн.

Автор бул китепте ортозаар Финляндия өлкөсү экономикасы менен мектептеги билим берүүсүн ХХ кылымдын акыркы отуз жылында кантип мыкты деңгээлде өнүктүргөнү тууралуу баяндайт.

Бул китеп дүйнөнү өзгөртүү идеясы үчүн “Grawemeyer” сыйлыгына татыган.

Тимоти Уолкердин “Финдердей окуталы” китебин Мамасабыр Саипов которгон. Китептин кыргызчага которулушун жеке ишкер Батыр Аллахунов каржылаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты