Румынияда акысыз окугуңуз келеби? Сынакка катышыңыз!

  • 4 года мурун

Румынияда акысыз билим алууга 85 гранттык орун үчүн сынак жарыяланат. Буга кыргызстандыктар да катышса болот.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Айтымында жалпы бакалавриат, магистратура жана докторантура программалары боюнча 85 гранттык орун бөлүнгөн. Сынакка Европа биримдигинен башка бардык мамлекеттин жарандары катыша алат.

Бакалавриат жана магистратура программаларына катышууну каалагандардын жашы – 35, ал эми докторантурага тапшыргандардын

жашы 45тен жогору болбошу керек.

Окутуу румын тилинде жүргүзүлөт, билбегендер биринчи окуу жылын тил үйрөнүүгө багыттайт.

Сынакка катышууну каалагандар, документтерди 16-мартка чейин тапшыруусу керек.

Талаптар, шарттар жана билдирме формасы боюнча кеңири маалыматты программанын расмий сайтынан алса болот. (https://www.mae.ro/en/node/10251 ).

Сүрөттө: Бухарест шаары. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты