​Айдар Акаев каза тапты

  • 4 года мурун

Кечээ, 5-февралда, Кыргызстандын биринчи Президенти Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев мезгилсиз каза тапты.

Бул тууралуу анын жакындары ЖМКга билдирди.

44 жаштагы Айдар Акаевдин капысынан жүрөгү токтоп, врачтар аны сактап калууга үлгүрбөй калган.

Айдар Акаев 2005-жылы Жогорку Кеңешке депутат шайланып, бирок көп өтпөй элдин толкундоосу, март революциясы болуп өтүп, анын натыйжасында Аскар Акаев бийликтен кетип, чет өлкөгө чыгууга аргасыз болгон.

Айдар Акаев Москвада жашап, бизнес менен алек болгон.

Ошондой эле Аскар Акаевдин агасы Чилтендин уулу Кубан Акаев да каза болгону маалымдалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты