​Айгүл Рыскулова КМШ Экономикалык кеңеш комиссиясына өкүл болуп дайындалды

  • 4 года мурун

Айгүл Рыскулова Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешине караштуу экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына дайындалды.

Бул тууралуу жарлыкка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Тышкы иштер министрлиги анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетине сунуштаган. Аталган комитет сунушту жактырган.

Айгүл Рыскулова социалдык коргоо министри, Бишкек шаарынын вице-мэри ж.б. кызматтарда иштеп келген.

Буга чейин бул кызматта иштеп келген Зина Асанкожоева Президенттин жарлыгы менен кызматтан бошотулду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты