​Канат Сагымбаевдин камактагы мөөнөтү 9-апрелге чейин узартылды

  • 4 года мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Канат Сагымбаевдин камактагы мөөнөтүн 9-апрелге чейин узартуу чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу анын адвокаты Бакытбек Автандил уулу билдирди.

Сагымбаев буга чейин УКМКнын алдындагы мамлекеттик күзөт кызматынын штатында туруп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болуп иштеп келген.

Улуттук коопсуздук комитети Канат Сагымбаевди 20-октябрда кызматтан алган.

7-8-августтагы Кой-Таш окуяларында Атамбаевдин жанында болгон.

7-8- августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция жүргүзүлгөн.

Сүрөттө: Канат Сагымбаев. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты