​Түркияда акысыз билим алуу үчүн конкурс жарыяланат

  • 4 года мурун

Түркиянын мамлекеттик жогорку окуу жайларында бакалавр, магистратура жана докторантура программалары боюнча акысыз билим алууну каалагандар үчүн сынак жарыяланат.

Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Стипендиялык программалардын арасында мамлекеттик кызматкерлердин жана мугалимдердин түрк тилин үйрөнүүсү үчүн КАТИП деп аталган стипендиялык программа да бар.

Студенттер эки турдун жыйынтыгы менен тандалып алынат. Биринчи турда талапкерлер Түркия мамлекеттик стипенидиялар расмий сайтынан https://turkiyeburslari.gov.tr онлайн каттоодон өтүшү керек. Биринчи турдан өткөндөр маектешүүгө чакырылат жана өз өлкөсүндө система тарабынан көрсөтүлгөн шаарлардын арасынан бирөөнү тандап, экинчи турга катышат.

Толук маалымат тапшыруучунун электрондук дарегине келет.

Шарттар жана талаптар:

  • Белгиленген убакытта гана каттталууга болот. 2020-жыл үчүн 10-январдан 20-февралга чейин;
  • Талапкерлер Түркиянын мамлекеттик стипендиясынын расмий сайтынан https://turkiyeburslari.gov.tr/tr онлайн катталуусу шарт;
  • Катталуулар 7 тилде кабыл алынат: түрк, араб, англис, француз, орус, босния жана испан;
  • Сайтта белгиленген суроолорго так жооп берүү шарт;
  • Сайтта талап кылынган документтер системага толук жүктөлүүсу шарт;
  • Катталуу акысыз;
  • Колдон жана почта аркылуу жиберилген катталуулар кабыл алынбайт;
  • Бакалаврга тапшыруу үчүн 21 жаштан ашпоосу;
  • Магистратурага тапшыруу үчүн 30 жаштан;
  • Докторантурага тапшыруу үчүн 35 жаштан;
  • Илимий изилдөө стипендиясына тапшыруу үчүн 40 жаштан ашпоосу шарт.

  • Мүмкүнчүлүктөр:

  • Студенттин Түркияга алгачкы келиши жана окуусун аяктагандан соң
  • кетүү учак билети акысыз;

  • Ай сайын стипендия берилет;
  • Акысыз дарылануу;
  • Акысыз бир жыл түрк тилин үйрөнүү курсу;
  • Жатакана, эртең мененки жана кечки тамак акысыз (кечки тамак 8 түрк
  • лирасынан аша турган болсо, студент өз чөнтөгүнөн төлөйт);

  • Жатаканада жашоону каалабагандар үчүн акчасын (500 лира) Түркия
  • стипендиялары төлөп беришет;

  • Акысыз академиялык курстар, cеминарлар, маданий жана социалдык иш
  • чаралар;

  • Катталуучу өзү белгилеген 12 университеттин ичинен бирөөнө жайгаштырылат.
  • Стипендиянын көлөмү:

  • Бакалавр үчүн – 800 лира
  • Магистратура үчүн – 1100 лира
  • Докторантура үчүн – 1600 лира
  • Ар бир студенттин койгон талабына жооп берүү:

    1. Түркиядагы университеттердин көбүндө окуу программасы түрк тилинде өтөт. Ал эми кээ бир университеттер англис жана башка тилде чет тилдерде билим беришет. Ошондуктан TOEFL жана ушул сыяктуу тил боюнча сертификаттар талап кылынат. Мындан тышкары, кээ бир окуу программалары үчүн GRE,GMAT, SAT сыяктуу тесттердин сертификаты да талап кылынышы мүмкүн.

    Студент катталып жатканда тапшыргысы келген университеттин талаптарын да текшере алат.

    2. С1 түрк сертификатына ээ болгон студенттер түркчө даярдоо курсун окубастан автоматтык түрдө окуусун баштайт. С1 түрк сертификатына ээ болбогон студентбир жылдык түрк тилин үйрөнүү курсун окуп, жыл аягында С1 сертификатына ээ болуусу керек.

    Түркия мамлекети тарабынан каржыланган башка стипендиялык программалар:

    1. Жетишкендик стипендиясы (1-жыл) – Түркияга өз мүмкүнчүлүгү менен келип, академиялык жетишкендиктерге ээ болгон студенттерге берилет.

  • Бакалавр — 440 лира
  • Магистратура – 590 лира
  • Докторантура – 880 лира.
  • Стипендия гана берилет. Жатакана жана акысыз дарыланууну камсыздабайт. Тапшыруу мөөнөтү 2020-жылдын октябрь айында башталат.

    2. Илимий изилдөө стипендиясы (3-12 ай) – Илимий изилдөөчүлөр жана университет мугалимдеринин өз кесибине байланыштуу изилдөөлөрдү жүргүзүүнү колдоо максатында уюштурулган. Ай сайын 3000 лира стипендияберилет. Жылына 4 жолу тапшырууга болот.

    Тапшыруу мөөнөттөрү:

    1. 1-январь 2020-жыл

    2. 1-апрель 2020-жыл

    3. 1-июль 2020-жыл

    4. 1-октябрь 2020-жыл

    3. КАТИП стипендиясы (8-10 ай) – Чет элдик, мамлекеттик кызматкерлер, дипломаттар, университет мугалимдери жана илимпоздор үчүн түрк тилин үйрөөнүү программасы. КАТИП стипендиясына катталуу тууралуу жана толук маалымат үчүн чет өлкөлөрдөгү түрк элчиликтерине кайрылуу зарыл.

    Ай сайын 2000 лира стипендия берилет. Учак билети, жатакана, түрк тили сабактары акысыз. Кененирээк маалыматты төмөнкү шилтемеден алсаныз болот: https://www.turkiyeburslari.gov.tr/en/page/prospective-students/scholarship-programs

    Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы: Тел. +996 (312) 62 35 91

    Сүрөттө: Istanbul Aydin University (IAU). Интернет булактарынан.

    Муну бөлүшүү

    Окшош жаңылыктар

    Журналисттик иликтөөлөр

    Помочь проекту

    договором оферты