10 миңден ашык мамлекеттик мүлк объектиси ижарага берилген
- 5 лет мурун
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-январда, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Жылдызбек Исакуловду кабыл алды.
Исакулов ижарага берилген 10,5 миң мамлекеттик мүлк объектисин көрсөтүү менен электрондук реестр иштелип чыкканын маалымдады.
Фонд төрагасынын маалыматында, 2020-жылы сатып алуулар боюнча электрондук онлайн аукционду киргизүү жана дагы 1261 акционердик коомдорду инвентаризациялоо пландалууда.
2018-жылга чейин мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн киреше 100 миллион сомго жетпеген сумманы түзгөн болсо, 2019-жылы электрондук сатууну жана электрондук аукционду киргизүү менен бул сумма биринчи жолу 191 млн сомго жеткен.
2019-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруудан бюджетке түшкөн сумманын жалпы көлөмү 2,4 миллиардды түзгөн.
Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.