​Өкмөт балдарга зордук-зомбулуктун алдын-алуу ишин күчтөндүрөт

  • 4 года мурун

Өкмөт балдарга карата катаал мамилени жана зордук-зомбулуктун алдын — алуу боюнча райондук штабдардын ишин күчөтүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Райондук штабдарга мигранттардын балдары тарбияланып жаткан үй-бүлөлөргө мониторинг жүргүзүү үчүн үйлөрүн кыдыруу, балдарга карата физикалык жана психологиялык жактан зомбулук жасоого, катаал мамиле кылууга жол бербөө тууралуу калкка маалымат жеткирүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Жарандар зомбулуктун ар кандай түрлөрүнүн күбөсү болсо, 111 «ишеним телефонуна» чалып же укук коргоо органдарына кайрыла алышат.

Ички иштер министрлигине балдарга орой мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүү учурларын өзгөчө көзөмөлгө алып, ар бир факт боюнча тыкыр жана калыс тергөө жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу тапшырылды.

Ушул жылдын 10-январында Ак-Суу райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө 1 жашар Ясина оор абалда түшкөн. Анын оор, катуу буюм менен сабалганы аныкталган. 11-январда кыз эсине келбей чарчап калган.

27-январда Сузак районунда эки жашар бала да токмоктон көз жумган. Бала туугандарынын колунда болгон. Укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты