КЛДП: Жаңылануу мезгили
- 5 лет мурун
Кыргыз либерал демократиялык партиясы «Жаңылануу мезгили» бет ачарын өткөрөт.
Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Кыргыз либерал демократиялык партиясы (КЛДП) «Жаңылануу мезгили» бет ачарын 2020-жылдын 2-февралында «Асанбай» маданий борборунда өткөрөт.
Жаңыланган саясий топтун миссиясы, багыты ж.б. жөнүндө бардык маалыматтарды лидерлер – Сейтек Качкынбаев, Эльдар Абакиров, Жанар Акаев айтып беришет.
Иш — чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук-саясий ишмерлер жана тилектеш жарандар катышат.
Сүрөт: уюштуруучулардыкы.
Муну бөлүшүү