10 жаштагы кызды зордуктоого шектүү изделип жатат

  • 4 года мурун

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун ички иштер бөлүмү 10 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жаткан кишиге издөө жарыялаганы тууралуу билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-январда жергиликтүү тургун 10 жаштагы кызын бейтааныш киши зордуктап койгонун айтып, Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Арыздануучу окуя кызы кечки саат беш чамасында мектептен үйгө кайтып келе жатканда болгонун жана шектүү 20-25 жаштарда экенин айткан.

Аталган иш боюнча Жазык кодексинин 161-беренеси (“Зордуктоо”) менен кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда кылмышка шектүү кишинин тек жайын тактоо, издөө аракети жасалып жатат.

«Эгерде кимдир бирөө фоторобот боюнча шектүүнү тааныган болсо, милиция төмөндөгү телефон номерлери аркылуу билдирип коюуну өтүнөт. 03736 102 же 0555 00 31 00. Купуялуулукка кепилдик берилет», — деп билдиришти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты